Тамада Эрнест Бөрүбаев агынан жарылды “Өзгөн өнөрпоздору күн сайын көчөдөбүз!”

“коом press” сайтына  тамада Эрнест Бөрүбаев кайрылып:

“Тамадалар акча алгандан башканы билбейсиңер деп күн сайын айтышууда. Ошол айтып аткан адамдар деле жакшы эле акча тапчу. Учурда берген жардамдарыбызды аргасыз айтууга туура келип жатат. “Өзгөн өнөрпоздору” деген топ бар билесиздер. Алардын бири дагы үйдө олтурган жок, баары жардам берип күн сайын чуркап жүрүшөт. Болгону өзүбүз видео менен сүрөткө тартып, интернетке жарыялабайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Аны билбей эле элдин баары бизге асылып жатышат. Мына азыр дагы сиздер менен сүйлөшүп Дордой жаңы конушуна кетип жатам. Жардам берели эле дейбиз. Жолдун баары жабык, блок посттор коюлган. Шаардын сыртындагы айылдарга такыр жете албай жатабыз. Мындай болбойт. Кудайдын алдындагы отчётубуз жетиштүү, эч кимге отчёт бербейбиз. Бизден отчёт сурабай өздөрү да жардам беришсин сындагандар.  Уруксат кагаз алуу кандай тозок болуп жатканын угуп жатсаңыздар керек”-деди.

Коомчулукта жарым саат сүйлөгөн тамада баланча доллар, 5 минут ырына дагы долларлап акча алган ырчылар эмнеге элге жардам бербейт деген сөздөр байма-бай айтылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru