Тарыхта экинчи адам ВИЧтен толугу менен айыкты

Дарыгерлер тарыхта экинчи адам ВИЧтен толугу менен айыккандыгын тастыктады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Венесуэлада туулганы 40 жаштагы Адам Кастильехо 2003-жылдан бери ВИЧтен жабыр тартып, 2012-жылы рак илдети менен ооруп калган. Анын сөөк чучугун алмаштыруу онкологиялык илдетти дарылоо үчүн жасалган, жыйынтыгында Кастильехо эки оорудан тең арылган.

Ал эми буга чейин аталган илдеттен айыккан адам Тимоти Рэй Браун. Ал мындан 13 жыл мурда айыгып кеткен.

Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун алмаштырган. Биринчи адам — “берлиндик пациент”, ал эми экинчиси “лондондук пациент” деп аталып калды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru