народный

Ташиев: Февралда Кыргызстанга заманбап аскердик техника келет

Февраль айында Кыргызстанга аскердик техника алып келинет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү эл менен жолуккан учурда айтты.

Атайын кызматтын жетекчиси кечээ Ак-Сай айылында тегеректеги кыштактардын тургундары менен кезиккен.”Кыргызстан өзүнүн каражатына чет өлкөдөн заманбап аскердик техника алып койгон. Ферваль айында өлкөгө жеткирилет. Ошонун бардыгын Баткенге коебуз”, — деди ал.

Ошондой эле ал эл тынчсызданбай жашай берсе болорун, мамлекеттин аларды ар дайым коргоого күчү жетерин кошумчалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru