Ташиев ЖКнын жыйынында мурдагы министрди жана анын карындашын айыптады

Депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин арасында чоң фармкомпаниялары барлар көп, деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

«Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы бар экен. Алар фармакологиядагы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан», – деди Ташиев.

Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри кызматын в 2018-2020-жылдары ээлеген.

2020-жылы 1-апрелде кызматтан бошотулган. Ошол эле жылы сентябрда Каржы полициясы тарабынан шалаакылык жана кызматтан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Азырынча кылмыш иши кайсы баскычта экени белгисиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru