Ташкентте чемпион-спортчу киши колдуу болуп көз жумду

Ташкентте жаңжал учурунда бычак жеген 29 жаштагы кашкадарыялык спортчу Камолиддин Расулов киши колдуу болуп кайтыш болду.

Самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионун, улуттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүсүн өлтүрүүгө башка бир спортчу шектелүүдө.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, окуя 13-сентябрда Ташкенттин Үчтепе районунда болгон. Кечинде шектүү делген киши Камолиддин Расуловго чалып, анын кеңеши менен сатып алган Humo Trop витаминдеринин айынан саламаттыгы начарлап кеткенин, дарыгерлер айыкпай турган ооруга чалдыкканын билдиргенин айткан.

Самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионун, улуттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүсүн өлтүрүүгө башка бир спортчу шектелип, ал кармалган. Телефондук сүйлөшүүдөн кийин экөө жолугуп, ортодо жаңжал чыккан. Уруш учурунда шектүү Камолиддин Расуловду бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып жиберген.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, кармалган киши — дзюдо жана улуттук күрөш боюнча Өзбекстан чемпиону. Августта Карши шаарында Элбек Рахимов аттуу спортчу өлтүрүлгөн. Кол салууга шектелген жети кишинин алтоо кармалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru