народный

“Тазалык” ишканасы жолдорду тазалоо үчүн 413 тонна туз сарптады

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү тазалоо үчүн 413 тонна техникалык тузду колдонушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, муниципалдык кызмат түн ортосунда борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалап баштады.

«Бүгүнкү күндө жол тейлөө башкармалыгынын 25 кызматкери 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен иштеп жатышат.   Ал эми, 662 кызматкер көчө  тазалагыгын сактап, “Тазалык” ишканасынын 118 жүктөгүчү, 28 жер иштетүүчү, катуу таштандыларды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган топ кадимки режимде иштөөдө  », – деп белгилешти мэриядан.

662 кызматкер көчө  тазалагыгын сактап, “Тазалык” ишканасынын 118 жүктөгүчү, 28 жер иштетүүчү, катуу таштандыларды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган топ кадимки режимде иштеп жатышат

Калган аймакта карды, музду тазалоо, унаа жолуна жана тротуарларга туз чачуу үчүн шаар мэриясынын WhatsApp номерине: 0554182185 же күнү-түнү 1840 жана 1850 номерлерине чалып кайрылсаңыз болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru