Тажикстан ооганстандык үй-бүлөнү талибдерге өткөрүп бергени айтылууда

Тажик бийлиги бир ооган аялын жана аны үй-бүлө мүчөлөрүн талибдерге өткөрүп бергени кабарланды.

Ысымы жашыруун калышын каалаган аял 2-декабрда “Азаттыктын” ооган кызматына үй-бүлөсү менен ноябрдын башында Ишкашим аркылуу Тажикстанга кирип, бир жумадан соң Ооганстанга кайтарылганын айтып берген.

Коопсуздук чараларына байланыштуу анын аты-жөнү ачык жарыяланган эмес. Ал Тажикстанга качкын катары өтүп келип, жергиликтүү милиция бөлүмүнө барганын билдирди.

«Тажикстанга үй-бүлөмдөн жети жаш балам жана мурунку бийликте иштеген таякем менен өтүп келген элем. Бир жумадан кийин бизди күч менен чек арага алып барышып, талибдердин чек арачыларына өткөрүп беришти», – деди ал аял.

Тажикстандын бийлиги азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Дүйшөмбү оор экономикалык абалга байланыштуу башпаанек сурагандарды кабыл алууга чамасы жетпей турганын билдирген.

19-ноябрда БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы ооган качкындарынын Тажикстандан артка кайтарылып жатканына көңүл бурган. Уюмдун билдирүүсүндө, быйыл 11-ноябрда тажик бийлиги 11 эркек кишини, бир топ аялдар менен балдарды Ооганстанга “күч менен кайтарган”.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru