Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны каза болду

Тажикстанда чек арадан кармалган Баткен облусунун тургуну каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Кудайберди Бекмуратов, Тажикстан Республикасынын соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренесинде (мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмышты жасаган деген айып менен соттолуп, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Аталган маселе Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан Республикасындагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары ТИМден абакта каза болгон жарандын ишин тыкыр иликтөө боюнча Тажикстан тарапка нота жөнөткөнүн билдиришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru