Тажикстанда кармалган жарандар кантип кармалганы белгилүү болду

Бүгүн, 22-февраль Баткен облусунун тургундары акимияттын алдына топтолуп, Тажикстан тарапта кармалып жаткан балдарын чыгарып берүүнү өтүндү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, УКМК, чек ара кызматы расмий жообунда, “Аталган 5 жаран, 16-февраль күнү Тажикстандын чек арасынан мыйзамсыз 900 кг метаклл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып өтүүгө айыпталып кармалган”-деп билдирди.

Бирок, жергиликтүү тургундардын ыйлаган жүйөөсү башка. Кармалгандардын бири Бурканов Сүйүндун Москва жергесиндеги эжеси Гүлайым Бурканова Koom.Press сайтынын редакциясы менен байланышып, окуяны баяндап берди.

“Менин иним Сүйүн Москва шаарынан пандемиянын алдында эле барган эле. 20-февралга кайра Москвага кайтууга билет алып, 15и күнү ал жактагы ата-эне, 5 баласын эт менен камсыздап коюү максатында Лейлектеги “Арка” базарына барган. Алар түнү кайтып келе жатып, Тажикстандын чек арасына кирип калышкан.

Баса, белгилеп айткым келет, ал жерде чек ара деген белги жок. Жайык эле талаа. Анан эле тажиктер келип басып калышат. Буга чейин да көп эле адамдар ошентип адашып кирип калып, тажиктердин токмогун жеп, майып болуп чыгып калышчуу”- дейт Бурканова.

Сүйүн Бурканов

 Мал алууга Лейлеке баргандар 3 адам болгон. 30 жаштагы Сүйүн анын жездеси жана портердин айдоочусу.  Аларды туугандары 3,4 күндөп издешкен. Бирок Кыргызстан тарап тажиктерден эч кандай маалыматты тактап бере алган эмес. Качан гана эл митингке чогулуп, акимчилике барганда гана так маалыматты билишкен.

Маалыматка ылайык, Тажикстан чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргыз жарандарына 300 миңден айып пул салган.

Гүлайым Бурканова, өзү тиричилик үчүн мигрант болуп жүргөн 30 жаштагы жаранда андай сумма кайдан болмок деп боздоду.

“Чек ара деген белги жок жерден эле кыргыз жарандарын каалагандай кармап алып, айып пул салып кыйнай берсе, биздин бийлик карап отура береби? Качанкыга чейин? Эгер жергиликтүү тургундардын жетээр жерине жетпесе алар митингке чыкмак эмес”-дейт

Эске салсак, буга чейин Баткендин даагы бир жараны чек арадагы чырдын көбүнө аткезчилик себеп экендигин айткан.

Өкмөт бүгүн саат 15:00дө эки тараптуу жолугушуу болоорун айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.