Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскер кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Исфара шаарынын Чоркух жамаатына 29-апрелде Кыргызстандын аскер кызматкерлери тобу жана жергиликтүү калк тарабынан жасалган куралдуу кол салуу фактысы боюнча, Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалыматты Азия-Плюс билдирет.

«29-апрелде Исфара шаарынын Чоркух жамаатына куралдуу кол салуу фактысы боюнча, болжол менен 200 адамдан турган Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тобу тарабынан жасалган иштерге Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 395 (агрессивдүү согуш) жана 104 (адам өлтүрүү) беренелери боюнча иш козголду », — деп айтылат маалыматта.

«Куралдуу кол салуунун натыйжасында, Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода жаракат алып, Тажикстандын жарандары каза болду. Тажикстандагы үйлөр, ар кандай багыттагы объектилер талкаланды. Тажикстандын Башкы прокуратурасы ушундай жол менен кыргыз тарап БУУнун Уставын бузуп, Тажикстандын аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин ырастоодо » — деп айтылат маалыматта.

 Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде Баткен облусундагы кагылышуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыргыз тарап 2004-жылдын 26-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимди бузгандыгын жарыялады. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси «Тынчтыкка каршы кылмыш» боюнча козголгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тажикстан менен чек арада болгон окуялар боюнча 11 кылмыш ишин козгогонун Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев брифингде билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.