Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып дагы бир жаран кармалды

27-февраль Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып даагы бир кыргыз жараны Ж.Ш. кармалды.  УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаран Тажикстандын аймагына аткезчилик менен 10 тонна күйүүчү май алып өтүп бараткан жеринен кармалган.

Күйүүчү майдын тиешелүү документтери болгон эмес. Автоцистерна Лейлек районунун Ак-Арык айылынан Тажикстанга кирип бараткан жеринен кармалган.

УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерди документтештирүү жана бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланып жатканын кошумчалайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.