Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-апрелде Согд облусуна иш сапар менен жөнөдү.
Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Рахмон Согд облусунда Ноорузга байланыштуу майрамдык иш-чараларга, социалдык-экономикалык объектилердин ачылышына катышат. 10-апрелге чейин улана турган сапардын жүрүшүндө Исфара районундагы Кыргызстан менен чектешкен Ворух айылына да барат.