Тажикстандын улуттук коомсуздук кызматы чек арада чыккан окуя боюнча билдирүү таратты

Тажикстандын улуттук коомсуздук кызматы чек арада чыккан окуя боюнча билдирүү жарыялады. Бул тууралуу тажик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Тажикстан такталбаган жерди өзүнүкү деп эсептейт. “25-октябрда саат 13.30да Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын тургундары эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырып жатканда 25-30 курал көтөргөн Кыргыз чек арачылары келишип тургундардан ишти токтотууну талап кылышкан. Чек ара кызматкерлери Тажикстандын аймагын такталбаган аймак деп ок чыгарган. Эч ким жабыркаган эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru