Тажиктер кайрадан Кыргызстандын аймагына кирип алышты (ВИДЕО)

Баткендеги Кыргызстандын аймагына караштуу аймакка тажиктер кайрадан кирип алышты. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына таянып Санжар Калматай жарыялады.

Маалыматта, жергиликтүү тургундар видеого тартып, Кыргызстан тараптан күч органдары келбей жатканын айтып жатышат.

Окуя, бүгүн 24-июлда Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жеринде болгон. 50гө жакын Тажикстандын жарандары тазалоо иштерин жүргүзүп баштаган. Эки тараптын ортосунда тирешүү жаралганда Тажикстандын чек арачылары асманга ок атып токтотушкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru