народный

“Теңир-Тоо ынтымагы” коому Нарындагы ооруканага 100 беткап жана 130 литр дезинфекциялык каражаттарды тапшырды

 

 “Теңир-Тоо ынтымагы” коому Нарындагы ооруканага 100 беткап жана 130 литр дезинфекциялык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Нарын облусунда медицина кызматкерлерин керектүү жабдуулар, коргонуучу каражаттар менен жабдуу аракети көрүлүп жатат. Бул боюнча облус жетекчилиги тарабынан эл аралык уюмдарга, коомдук фонддорго, жеке демөөрчүлөргө кайрылуулар жолдонгон.

“1-апрелде “Теңир Тоо ынтымагы” коому тарабынан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кызматкерлерине 100 даана респиратордук беткап, көз айнек жана атайын коргонуучу кийимдер, 130 литр дезинфекциялык каражаттар берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru