Текебаев: “Парламенттин авторитетин депутаттар калтырган жок”

Мындай парламент биздин тарыхыбызда болбоптур. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 20-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан форумда билдирди.

«Мындай парламент биздин тарыхыбызда болбоптур. Кыргызстанда мүмкүн боло турган оош-кыйыштардын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла турган болду.

Атамбаев 2016-жылы референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, катышты, колдошту. Анан Жээнбеков келди. Атамбаевдин тагдырын өздөрү көрүштү. Жээнбеков 2020-жылкы шайлоодо алдап алуу, сатып алуу жолдору менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдүк. Так ушул парламент.

Эми ушул парламент акылына кирет экен десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда көрбөй туруп, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга кол коюп, үчүнчү жолу референдум жарыялайбыз деп жатышат. Эгер ушул акыркы кадамы болбосо, парламент калган «авторитетин», калган легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү. Албетте, юридикалык жактан мыйзамдуу дечи, бирок «авторитетти» менин кесиптештерим калтырбады», – деди Текебаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.