Текебаев: “Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт, ага мыйзам жол бербейт”

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызын кабыл алды. Депутат Өмүрбек Текебаев мындан аркы саясий жүрүштөрдү айтып жатып, Башмыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу кийинки шайлоого катыша албай турганын белгиледи.

“Садыр Жапаров бардык бийликти колуна алды, анын ичинде парламентти дагы десек болот. Алдыда ишке ашыра турган оор убадалары бар, эл күтүп жатат. Биз жардам беришибиз керек. Анан, каражатты үнөмдөө үчүн президенттик жана парламенттик шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуштайм, ага мыйзам жол берет. Бирок, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого талапкер катары катыша албайт”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.