Текебаев Садыр Жапаровду досу Ташиевден эми кутула албасын айтты

  • Камчыбек Кыдыршаевич досун түрмөдөн гана бошотпостон, анын саясий олимптин чокусуна алып чыкканга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн баарыбызга көргөздү. Бүгүн да экөө эгиз козудай ээрчишип, бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл “Камчыбек Ташиев кандай кызматта, ал кандай статуста жүрөт?” деп суроо салышууда. Илгери, Госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын Доссекретарь деп айтат элем. Госсекретарга эскертүү берсең, сөгүш берсең, жумушунан бошотуп, алмаштырсаң болот эле. Доссекретарды алмаштыра албайсың, андан кутула да албайсың.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Жапаровдукунан кем эмес, балким аныкынан да жогору.

Leave A Reply

Your email address will not be published.