Текебаев Талант Мамытовго эскертүү берди

Садыр Жапаров бүгүн президенттин милдетин аткаруучу кызматынан кетээрин жарыялайт. Бул тууралуу төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн президенттин милдетин ким аткарып жаткандыгын сурады, анткени бир күн мурун мамлекет башчынын басма сөз кызматы Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетип жатат деп жарыялаган.
«Садыр Жапаров бул тууралуу расмий жарыяладыбы же жокпу? Эгер андай болбосо, анда эмне үчүн басма сөз кызматы шашылыш билдирүү берип жатат? Мамлекет бир күн дагы башсыз калбашы керек. Бийлик бири-бирине өткөрүп бере турган тоо эмес. Эгерде расмий кайрылуу болсо, анда аны кабыл алып, өткөрүп берүү керек», – деди Өмүрбек Текебаев.

Талант Мамытов шашылбоону суранды. “Балким, Садыр Жапаров кызматтан кетээрин бүгүн маалымат жыйынында билдириши мүмкүн” деди ал.

Бүгүн Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары өзүнүн биринчи жана жалгыз пресс-конференциясын саат 14.00дө өткөрөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru