Текебаевди элчи кызматына дайындоо маселеси ЖКга келип түштүбү?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматы тууралуу маселе карала элек. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына ким талапкер экендиги тууралуу маалымат бере элек.

«Мен Өмүрбек Текебаев тууралуу окугам, бирок бизге ал тууралуу маалымат келе элек», – деди Икрамов.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалат деген маалымат пайда болгон. Текебаев өзү бул боюнча үн катпай келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru