народный

Телефон уурдаган 22 жаштагы жигит 2 айга камалды

Жалал-Абадда 22 жаштагы жигит телефон уурдап, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга 29 жаштагы жаран кайрылган. Ал 31-декабрь күнү саат 22.30дар чамасында футбол талаасында инисинин «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине ылайык, “Тоноо” боюнча катталып, шектүү катары 22 жаштагы жаран кармалган. Ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  

Ошондой эле, кармалган жаран дагы бир тоноо фактысына тиешеси бар экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru