Темир торду эмес, спорт менен кара курду тандаймын

Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери мектеп окуучуларынын ынтымагын бекемдөө максатында «Темир торду эмес, спорт менен кара курду тандаймын» аталышындагы конференция өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда патриоттук видео роликтер көрсөтүлдү. Өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооптор узатылып, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мырзалардын майрамына карата жаштардын достугун чыңдоого арналган спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru