народный

Темирлан Султанбеков үй камагына чыкты

Социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Султанбековдун иши боюнча тийиштүү чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

Эскерте кетсек, активист массалык башаламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган. Ал Бишкектеги СИЗОго эки айга камалган болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru