Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровдон кечирим сурады

“Кечээ күнү Президенттин м.а. Садыр Жапаров өзүнүн маегинде Акылбек Жапаровду кеңешчинин кызматынан алганын белгиледи. Себеби- «Темирлан Султанбеков менен урушуп, туура эмес сөздөрдү колдонду»,- деди Садыр Жапаров. Бул мага күтүүсүз болду, чон ыраазычылык билдирем!

Ошондой эле Акылбек Жапаровго катуу сөз айтып, орой мамиле кылып алсам, кечирим сурайм, бирок өз айтканымдан кайтпайм- мамлекетти мыйзамсыздыкка түртүү иш-аракеттери болуп жатат, бул иштин бирден-бир демөөрчүсү Акылбек Жапаров, бул адам чынында абдан бузулган саясатчылардын санына кирет деп эсептейм, мамлекетке, элге кетирген зыяны жүз миллиондогон сомдорго бааланат.

Ар бирибиз түшүнүп турушубуз керек- мамлекеттин, элдин кызыкчылыктары, Конституциянын күчү, мыйзамдуулук кандай бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарынан бир топ бийик турушу керек. Мисалы, жеке мага да, партиябызга да парламенттик шайлоону жылдыруу биздин кызыкчылыктарга туура келет, бирок мыйзамдарга, Конституцияга каршы, ошондуктан биз өз кызыкчылыктарыбызды жыйып туруп, мыйзамдуулукту, Конституциянын аткарылышын талап кылып, элдин үмүтүн актабаган парламентти таркатып, шайлоону тез өткөрүүнү талап кылып жатабыз.”

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru