народный

«Терминатор» аты менен белгилүү Арнольд Шварценеггер жол кырсыгына кабылды (сүрөт)

Америкалык киноактёр, продюсер жана коомдук-саясий ишмер Арнольд Шварценеггер жол кырсыгына кабылды бул туурасында РИА Новости билдирди.

Арнольд Yukon үлгүсүндөгү жол тандабасты айдап бара жатып, кызыл Prius менен кагышкан. Актёрдун жол тандабас унаасы оодарылып, Priusтун чатырына чыгып токтогон. Күбөлөрдүн айтымында, сокку ушунчалык катуу болгондуктан, Yukon унаасында коопсуздук жаздыктары иштеп кеткен. Prius yнаасын башкарып бара жүргөн аял ооруканага жеткирилген. Ал эми Арнольд Шварценеггердин абалы жакшы экендиги жана эч кандай жабыркабаганы айтылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru