Тиешелүү комитет шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети экинчи жана үчүнчү окууда шайлоо чегин төмөндөтүү жана №2 формасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси, депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
Буга чейин Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керек экенин айтып. Биринчи — №2 форманы жок кылуу, экинчи — шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү, үчүнчү — шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү керек экенин айтып келген.