Тилек Матраимов абактан бошотулду

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Апелляциялык тартипте Ош облустук соту тарабынан баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Буга чейин сот аны Ош шаарынын жана Ош облусунун УКМКнын ИВСнин тергөө абагына камаган. Матраимовду туугандары жана жеке күзөтчүсү менен кошо 6-октябрда Өзбекстандын чек арачысы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп баратканда кармашкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.