Тилек Токтогазиев: «Бизге адамдын эмес, Мыйзамдын диктатурасы керек»

Мен ушул басылыштагы  Конституцияга каршымын.  Бул өтө чийки жана коомдун бөлүнүшүнө алып келет.  Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулат.  Ошондой эле биз өнүкпөй,артка кайтып баратабыз.

 Бизге адамдын диктатурасы эмес, Мыйзамдын диктатурасы керек.  Оюндун эрежелерин мыйзам  аныкташ керек.  Баарыбыз  коомдук келишимди сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек.  Эгерде коомдун бир бөлүгү бул келишимдеги өзгөртүүлөрдү жактырбаса, анда аларды күч менен таңуулоого болбойт.  Эртеби-кечпи, бул жарылууга алып келет.

 Ошондуктан, мен редакциялык кеңештин авторлорун  референдумга шашылбоого жана жалпы коомчулукту ар бир пункт боюнча ачык талкууга чакырууга  чакырам.  Конституция консенсус менен гана кабыл алынышы керек.  Болбосо, кийинки саясий туруксуздукка силер күнөөлүү болосуздар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru