ТИМ: Кытайдагы мекендештерибизден 2 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн
Кытайда коронавирус жайыла баштагандан тарта Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине мекендештерибиз тарабынан ыкчам байланыш телефону, электрондук кат жана ар кандай тиркеме аркылуу 2 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2018-2019-жылкы окуу мезгилинде 4614 кыргыз студент өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган.