Тизме – Эртең, 14-октябрда калаанын айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” башкармалыгынын  маалыматы боюнча, 14 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, суунун өчүрүлүшү “Батыш-2” суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу – темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары жана – Жаш Гвардия – темир жол линиясы – Фрунзе – Манас  көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru