народный

Тоңдо жөө жүргүнчүнү сүзүп,качып кеткен айдоочу кармалды

Тоң районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
11-ноябрь күнү Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан белгисиз унаа менен денесине жаракат келтирген адамды алып келишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бейтаптын абалы туруктуу деп бааланып, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жабырлануучу – 49 жаштагы Т.К. кечки саат 21:25 чамасында Бөкөнбаев айылынын кесилишинин биринде аны көк түстөгү унаа сүзүп кеткенин айткан. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Шектүү ким экендиги аныкталды. Бул Боконбаева айылынын 67 жаштагы тургуну М.К. болуп чыкты, ал толугу менен жол кырсыгын мойнуна алды. “Мерседес-Бенц Е 200” үлгүсүндөгү унаа айып аянтчасына киргизилди.
Бул факт Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРсына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155- беренеси (Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru