Той өткөрүп, куран окуткан ресторан ээлерине айып салынат

Бул тууралуу маалыматты атайын таратып, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирүү таратты:

“Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек. Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат. Бул чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет”, — деди Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, коронавирус дартына байланыштуу учурда карантинге Кыргызстандын 331 жараны кармалууда

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru