Токаев: “Эртеңден тартып Казакстандан ЖККУнун аскерлери чыгарылып баштайт”

Эртеңден баштап Казакстандан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтык орнотуучу аскерлери чыгарылып баштайт. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарындагы ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлеринин Казакстанда, анын ичинде Алматыда болушу, абалды турукташтырууда чоң роль ойноду. Террорчу жана бандиттердин агрессиясына жооп кайтарууда да психологиялык жактан жардам берди. Миссия ийгиликтүү аткарылды деп бааланууда», – деди президент.

Казакстанга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн: Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Белоруссия жана Россиянын аскерлери киргизилген болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru