Токаев Казакстандын үч аймагындагы өзгөчө абал режимин токтотту

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн үч аймагындагы — Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы өзгөчө абал режимин токтотту.

Мамлекет башчынын шаршемби күнү жарыяланган жарлыгына ылайык, аталган аймактардагы өзгөчө абал режими 13-январь күнү таңкы саат 7де токтойт.

Токаев 4-январда өлкөдөгү жапырт нааразылык акциялар жана башаламандыктардын фонунда алгач Мангистау облусу менен Алматы шаарына, андан соң Казакстандын бардык аймагына 19-январга чейин өзгөчө абал режимин киргизген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru