народный

Токаев коронавируска байланыштуу 8-мартка карата пландалган концертти өткөрбөө чечимин кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султтан шаарында өтө турган салтанаттуу жыйын жана концертти өткөрбөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу  Казакстандын президентинин Twitter’деги баракчасына жарыяланды.

“Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султан (Астана) шаарында өтө турган салтанаттуу жыйын жана концертти өткөрбөө чечимин кабыл алдым. Ал дүйнөдөгү коронавирустун жайылышы менен байланыштуу болуп, коопсуздук максатында жасалууда. Кымбаттуу аялзатына бакыт-таалай, ден соолук каалайм”, – деп  жазылат Казакстан президентинин Twitter’деги баракчасында.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru