Токио-2020: Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледи

Бүгүн, 24-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.

Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Муну менен Каныкей Кубанычбекова жайкы Олимпиада оюндарындагы жүрүшүн токтотту.

Каныкей Кубанычбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru