Токио-2020: Коронавирустан улам Олимпиадалык оюндардын өткөрүлүшү же токтотулушу эки айдын ичинде чечилет

Эл аралык Олимпиада Комитети (ЭОК) май айында коронавирустун айынан “Токио-2020” олимпиадасын токтотуу тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу ЭОКтун мүчөсү Ричард Паунддун берген маалыматын, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта акыркы чечим эки айдын ичинде чечиле тургандыгы айтылат. Себеби май айында олимпиадага карата акыркы даярдыктар, тактап айтканда коопсуздук кызматы, тамак-аш, мейманкана маселеси каралат.

Эгер бул даярдыктарга тоскоолдуктар жаралса, анда олимпиаданы токтотуу маселеси май айында каралат. Бирок азырынча бардыгы план боюнча жүрүп жатат. Бардыгы бул олимпиада эч кандай маселесиз өтөт деп айтып жатышат. Ошондуктан олимпиадага катышчу спортчулар даярдыктарыңарды уланта бергиле”, деп кошумчалаган Ричард Паунд.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алган Японияда 862 адам катталган. Алардын көпчүлүгү, тактап айтканда 691 адам ” Diamond Princess” круиздик лайнеринде катталган жана 4 адам каза болгондугу айтылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru