Токмок шаарында дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты

Чүй облусунун Токмок шаарында дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка караганда, өрт “Күн-Чыгыш” аталышындагы дүкөндөн чыккан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан аталган өрт кырсыгын тактап, жакын арада толук маалымат берүүнү убадалашты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.