Токмокто батирден аял кишинин сөөгү табылды

Токмокто батирден аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан №29 үйдүн 34-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1961-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган. Аялдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.