народный

Токмоктун тургундары түшүнбөстүк болуп кеткенин айтып, кечирим сурашты (ВИДЕО)

Мындай маалыматты Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Данияр Амангельдиев  “коом press” сайтына билдирди.  Ал жеринен барып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк дейт.

“Учурда мен ыйгарым укуктарымды токтотуп, шайлоого кеткем. Бирок кечээ ызы-чуу чыкканда жеринен барып көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдим.  Тургундар “биз кечээ билбей ызы чуу салып алыптырбыз. Ал өзүбүздүн жарандар экен. Эч кооптонбой эле тынч жашай бериңиздер”-деп айтышты. Учурда Токмокто абал тынч. Чет өлкөдөн келгендер обсервациядан өтүшүүдө”-дейт.

Эсиңиздерде болсо кечээ Токмок шаарынын тургундары “эмнеге коронавирус менен ооруган жарандарды биздин айылдагы мечитке алып келип жаткырышат. Эмне үчүн ун, майдын баары башка жакка кетет, бизге деле бербейби”-деп кайрылуу кылышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru