Токон Мамытов: Чек араны бүт жаап, сүйлөшүүнү нөлдөн баштоо зарыл

Кыргызстандын акыйкатчысы, күч түзүмдөрү боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн чек араны жабуу зарыл деп эсептейт. Мындай пикирин ал 29-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде айтты:

“Жайылып, чоң жаңжалга айланып кетпеш үчүн кыргыз өкмөтү чечим кабыл алып, чек араны жабышы керек. Бүт жаап, күчөтүлгөн режимге өтүп, нөлгө келтирип, “Силерге да жок, бизге да жок. Эл кыйналып жатат” деп отуруп, сүйлөшүү туура. Парламент чогулуп, ушул маселени президент менен карап, чечкиндүү кадамга барышы керек”-деди Мамытов

Булак: Азаттык

Leave A Reply

Your email address will not be published.