Токтайым Үмөталиеванын сөзүнө ишенген мигранттар жолго чыгып, чек-арада калышты (ВИДЕО)

Мындай пикирин активист Асел Лабаева “коом press” сайтына билдирди:
“Токтайым Үмөталиева аттуу укук коргоочу аял мигранттардын арасына түшүнбөстүк салууда. “Мен президент, авиа компания менен сүйлөштүм. Баланча мигранттын тизмеси керек”-деп айтып, элди дүрбөлөң кылып жатат. Авиа компания менен сүйлөшүүгө биздин деле акыбал жетет. Бирок Кыргызстандын аба жолдору жабык болсо, кантип алып кетет? Чек ара жабык турса ачылды деп маалымат таратууда. Анын сөзүнө ишенип, билет сатып алгандар, унаа менен жолго чыккандар бар. Азыр болсо же ары кете албай, же бери келбей орто жолдо калгандардын видеосу жарыяланууда. Мынчалык ызы-чуунун, карапайым мигрантты алдоонун кереги жок эле. Ушундай учурда саясатчылар мигранттардын тагдыры, акчасы менен саясат топтобой эле койсо. Алданып жолгр чыкпасын эч ким. Буюрса, абал бир жолго түшсө, мекенибизге жол ачылат”-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.