Токтогул районунун дарыгерлери жөө калыштыбы?

Мындай маалыматты Токтогул районунун акими Таалайбек Жайылов четке какты:

“Жок, анын баары жалган маалымат. Буга чейин деле ыктыярчылар дарыгерлерди жөө калтырган эмес. Бүгүн Арал айылынан Комсомолго чейин маршруттук линя уюштурдук. Жалпысынан алыс жактан  54 дарыгер келет экен. Баардыгына жергиликтүү бийлик шарт түзүп берди. Алар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда”-дейт аким.

Эскерте кетсек Токтогул райондук дарыгерлер жөө басып жумушка барышууда деген маалыматты интернет желеси аркылуу таратып жатышкан эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru