Тоноочулар тапанча менен коркутуп, “ДЭУ Матиздин” айдоочусунан 5,5 миллион сом алып кетишкен

Кара-Суу районунда 5,5 миллиондон ашуун суммадагы акча каражатын каракчылык менен алып кетишкен кылмышка шектүү 2 жаран кармалды.Мындан башка бул кылмышка катышы бар жарандар такталууда.

Белгиленгендей, 20-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Коргон айылында жайгашкан «Мирвана» кафесинен 1979-жылы туулган «ДЭУ Матиз» автоунаасынын айдоочусу М.Н. Анын унаасын сүзүп, жолдун четине түртүп жиберишкен. “Дэу” унаасын ВАЗ үлгүсүндөгү эки унаа артынан жана алдынан тороп алган.
Медициналык беткап кийген үч белгисиз адам айдоочуга чуркап барышып, тапанча менен коркутуп, андан 5 миллион 186 миң сом, 2500 доллар жана 130 миң рубль алып, унааларына отуруп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын 6-ноябрында тинтүү учурунда полиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү аныкташкан. Алар Алай районунун 36 жаштагы тургуну И.М жана Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну Э.уулу С. болуп чыгышып, алардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru