Тоодон машинасы менен кулаган жаран каза болду

Кечээ, 28-апрелде саат 22:00дө Чүй облусунда тоонун чокусуна чыккан жаран коктуга кулап, алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан. Ал унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Жерине 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru