Тоолуу райондордо кар жаайт. 7-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометагенттиги кабарлагандай, 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл дубанында түнү -2…-7, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсун -18…-23, күндүз -2…-7°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11°.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru