«Торугарт» менен «Эркеч-Там» жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркеч-Там» өткөрүү пунктуларынан 5-апрель күнү транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу «Нур-Пресс» маалымат борборуна УКМК Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кытай тарап майрамга карата өткөрүү бекеттерине чектөө киргизип турууну өтүнгөн. Цинмин фестивалына — Маркумдарды эскерүү күнүнө карата чектөө киргизилген.
Бирок алгоритм боюнча кыргыз-кытай чек арасынан товарлар менен жүктөрдү өткөрүүгө болот. Чек ара кызматы “Торугарт” менен “Эркеч-Там” 6-апрелден тарта кадимки шартта иштей турганын айтты.
