народный

Трамп “АКШдагы президенттик шайлоодо жеңдим”-деп ырастоодо

АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенин билдирип, Твиттер анын билдирүүсүн “расмий булактарга” карама-каршы койду.
Буга чейин Трамп президенттик шайлоодогу атаандашы, демократ Жо Байден “шайлоо бурмалангандыктан жеңди” деп айткан. Кийинчерээк ал шайлоодогу жеңилгенин мойнуна албагандыгын билдирип, Байден анын айтымында, “жалган маалымат каражаттарынын” күчү менен жеңишке жетти. “Мен шайлоодо жеңдим!” – деп жазды президент Твиттерге.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Колдо бар далилдердин негизинде, Американын алдыңкы маалымат каражаттары Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетишкенин жарыялашты. Көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан. Ошол эле учурда Трамп шайлоо бүтө электигин, сотто өзүнүн жеңишин коргоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru