народный

Трамп Невададагы добуш берүү боюнча “таң калтыра турган” маалыматтарды жарыялоого убада берди

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Невада штатындагы президенттик шайлоого добуш берүү процесси боюнча таң калтырган маалыматтарды берүүгө убада кылды.
Анын айтымында дал ушул аймак “жасалма добуштардын очогу” болуп чыкты.

“Мэтт Шлапп (Америка Консервативдик Бирлигинин башчысы) жана Адам Пол Лаксалт (Трамптын Невададагы теңтөрагасы) изилдөө жүргүзүп, коомчулукту таң калтыра турган нерселерди табууда”, – деп жазган Трамп 9-ноябрь күнү Твиттерге.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Акыркы маалыматтарга караганда Трамптын атаандашы Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден топтолгон добуштардын саны боюнча андан алдыда. Кошумчалай кетсек 7-ноябрда америкалык маалымат каражаттары, тактап айтканда Fox News жана CNN Байден керектүү шайлоочулардын добуштарын алып, АКШнын шайланган президенти болуп калгандыгын кабарлашты.
Дүйнөнүн бир катар лидерлери Байденди жеңиши менен куттукташкан. Ошол эле учурда Трамп жана анын өкүлдөрү бир нече штатта шайлоо “уурдалган” деп билдиришти.

Биринчи сот жараяндары шайлоодон бир нече саат өткөндөн кийин президенттин юристтери тарабынан түзүлгөн. Штаб Аризона, Невада жана башка Америка штаттарындагы добуштарды саноого нааразы болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru