Трампты коркутуп 16-кабатка чыгып алган кыргыз жигиттин өздүгү тастыкталды

Кыргызстандын  АКШдагы элчилиги Чикагодогу Trump Tower асман тиреген имараттын коопсуздук жибине асылып, АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүнү талап кылган кыргыз жараны кармалган окуяга комментарий берди.

 Элчилик Э.А.нын Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган тургуну экендигин тастыктады.

 Э.А учурда Түндүк-Батыш мемориалдык ооруканасында анын физикалык жана психикалык ден-соолугун текшерип жатат.  Алдын ала маалыматтар боюнча, кандайдыр бир жергиликтүү мыйзамдарды же мыйзамдуу тартипти бузгандыгы үчүн айыптар али келе элек.  Ошол эле учурда, Чикаго полициясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru